Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 25.10.2018 09:18 Жаңыланды: 25.10.2018 10:34

Жатакана жетпей, батир тапкыча мейманканаларда жашадык, - Оштогу студенттер

Turmush -  Ош шаарында быйыл студенттер үчүн жатакана маселеси жаралып, айрымдар мейманканаларда убактылуу жашаганга аргасыз болушкан. Жылдагыга салыштырмалуу быйыл батир издеген студенттердин саны көп экени байкалат, деп билдирди Ош шаарындагы радио түйүндө эмгектенген Нургүл.

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл Өзбекстандан 1 миң 700дөн ашык студент Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан билим алууга келсе, 600 студент Тажикстандан келишкен.

«Быйылкыдай батир издеген студенттерди биринчи көрүшүм. Студенттер көп болгондуктан батир берүүчү адамдар да ижара акысын кымбат кылып алышты. Менин байкашымча кичүү курстардын студенттери менен кыздарга батир тезирээк табылат», - деди Нургул.

Студент Гүлнур Кубанычбек кызынын айтымында, кыздарга да батир табылбай, кыйынчылык жаралган.

«Быйыл батир издеген кыздар көп болду. Батирин ижарага бергендер бирге жашаганга мүмкүн болушунча 1-курстун кыздарын алышты. Ал эми батирди бүтүндөй ижарага алгандардын басымдуусу жогорку курстагы студенттер болушту. Анткени алар өзүнчө жашоону каалайт», - деди Гүлнур.

Ал эми 3-курстун студенти Арзыбек Жакыпбековдун пикиринде, шаарда көп кабаттуу үйлөр курулганы менен батирдин акысы төмөндөгөн жок.

«Ош шаарында көп кабаттуу үйлөр көп эле курулуп жатат. Бирок ижарага батир табуу кыйын, акысы да жогору.

Досторум менен окуунун башталышына 5 күн калганда батир издеп баштадык. Радио түйүнгө барсам 100дөй студент туруптур. Алардын басымдуу бөлүгү чоң курстар болчу. Биз батир тапканга чейин мейманканаларда жашоого аргасыз болдук. Мамлекет тарабынан колдоо болуп, студенттик жатаканалар көбөйсө жакшы болот эле. Көп кабаттуу үйлөр көп болгону менен ижара акысы да кымбат бойдон калууда. Учурда 1 бөлмөлүү шарты начар батир 5-6 миң сомго, 2 бөлмөлүү үй 10-12 миң сомго ижарага берилип жатат», - деди Арзыбек Жакыпбеков.

Оштогу эң чоң окуу жай деп эсептелген Ош мамлекеттик университетинде 30 миңге жакын студент бар. Алар ичинен 2 миң 300 студент гана жатакана менен камсыз болгон. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларда 80 миңге жакын студент билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×