Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуНоокат району 25.10.2018 13:52 Жаңыланды: 25.10.2018 18:14 На русском

Айыл турмушу: Жогорку Кеңештеги депутаттын агасы алма багынан жарым млн сом киреше алат (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Таш айылынын 46 жаштагы тургуну Нурлан Зулпукаровдун 170 түп алмасы бар. Ал жылына алма бактан 20 тоннага жакын түшүм алып, 500 миң сомго жакын киреше табат.

Бирок түшүм алууга чейин көп мээнет жумшалганы айтпаса да түшүнүктүү. Бул алма бакты кантип түптөлгөнүн, жакшы түшүм алууга чейинки эмгеги тууралуу Н.Зулпукаров аймактык кабарчыгы айтып берди.

Өзүнүн айтымында, бактын орду мурда суу жетпеген кайрак жер болгон. Ал жерге атасы Закир Зулпукаров насос менен суу тарттырып, алгач чырпык тиккен.

«Бул алмалардын көчөттөрүн атам өз колу менен бирден отургузуп чыккан. Бул жер суу жетпеген кайрак жер эле. Атам 1989-жылдары айланасын тосуп, каналдан насос менен суу тарттырган. Атамдын көзү өткөндөн кийин бакты мен карап жатам. Азыр 170 түп алма, ошондой эле өрүк, алмурут бар. Алманын жонатан жана беш жылдыз деген түрлөрү бар. Жылына 20 тоннага чейин түшүм, алып 400-500 миң сом киреше табам.

Атамдын мээнети текке кетпесин деп жолун жолдоп жатам. Алма бакка келгенде менин чарчоом жазылып, кадимкидей эс алам. Бул жерлер мен үчүн башкача. Алма бактарды көргөндө көз алдыма атам тартылат», - деди Н.Зулпукаров.

Нурлан мырза 8 бир туугандын үчүнчүсү.

«Биз 8 бир тууганбыз — 5 уул, 3 кыз. Атам Ноокаттагы аймактык милиция кызматында 30 жыл эмгектенген. Апам колхоздо бригадир болгон. Төрөбай Зулпукаров (Жогорку Кеңештин депутаты) бир тууган иним болот. Мен атамдын жарыгын жагып отурайын деп айылда калдым. Бир туугандарым келсе атамдын эшиги дайым ачык турат. Багбанчылыктан сырткары жеке бизнесим бар, айылдык кеңеште депутатмын. 3 уул, 1 кыздын атасымын. Балдарым чоң окуу жайларды аяктап, учурда Бишкекте иштеп жатышат», - деди Нурлан мырза.

Багбан алманын түшүмүн жыйнагандан кийин Россияга экспорттойт. Быйыл түшүм өткөн жылга салыштырмалуу аз болгонун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×