Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 13.11.2018 19:50 На русском

Айыл турмушу: Кара-суулук фермер Алтайдан 1 миң доллардан сатып келген асыл тукум уйларды багат (сүрөт, видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы фермер Надир Токторов 1 жылдан бери голштино-фризская тукумундагы уйларды багуу менен алек. Ал уйларды Россиянын Алтай Республикасынан алып келген.

Фермерде учурда 26 баш асыл тукум уй бар. Алардын ар бирин 1 миң доллардан сатып алган. Малдын туягын көбөйтүп, келечекте эт, сүт сатып киреше табууну пландаган фермер аталган тукумдагы уйлардын өзгөчөлүгүн айтып берди.

«Бул уйларды 1 жыл мурун 8 айлыгында Алтай Республикасынан сатып алгам. Мындай өзгөчө тукумдагы уй мол сүт берет. Быйыл алар 1 жаштан ашты. Кудай буюрса кийинки жылы сүт берип калат. Уйларды багуу мага кыйын деле болгон жок. Кыргыз болгондон кийин мал багуу бизге кыйынга турбаса керек. Өзүм жаш кезден эле мал багып чоңойгом. Союз убагында биздин аймакта ушундай эле тукумдагы уйлар болгон. Союз ыдырагандан кийин эле бул тукумдагы уйлар жок болуп кетти. Эми заман ушуну талап кылып жатат. Кайра ошол тукумдагы уйларды багып жатабыз. Бүгүнкү күндө сүт азыктарына талап көбүрөөк. Ошондуктан бул багытта бизнес түптөп алууну көздөп турабыз», - деди ал.

Фермер атайын сүттү мол бере турган уйларды издеген. Жыйынтыгында голштино-фризская тукумундагы уйларды тапкан.

«Мен атайын сүттү көп бере турган уй издедим. Россиядагы досторум, тааныштарым аркылуу уйларды алдырдым. Алардын ар бири күнүнө 18 литрден сүт берет экен. Бир-эки жолу туугандан кийин күнүнө 25 литрге чейин сүт бере баштайт. Учурда 25 уйга бир эле бука койдук. Бул уйларды ар кандай шартка көндүрсө болот. Алардын биздеги малдан айырмасы бар экен. Көлөмдүү болуп, ар кимдин сарайына, үйүнө бара бербейт. Талаада да тобу менен жүрүп, анан калса башка жактарга да кетпейт. Башчысын гана ээрчип жүрүшөт», - деди фермер.

Асыл тукумдагы мал багам деген фермерлер үчүн айыл өкмөттүн атайын токтому чыгып, фермерлерге жер бөлүнөт.

«Азырынча тоютту өзүм эле камдап жатам. Кийинки жылдан баштап айыл өкмөт берген жерден тоют даярдайм. Анткени айыл өкмөттө асыл тукум мал баккан фермерлерге колдоо катары жер берүү боюнча токтом чыккан. Үйүбүздөгү малдан киреше кирбейт. Анткени алар бул уйларга окшоп көп сүт, эт бербейт», - деди ал.

Надир Токторов Мады айыл аймагына караштуу Кызыл-Тал тилкесинде 100 малга ылайыкталган атайын сарай курган. Ал учурда 45 жашта, 2 кыз жана 5 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×