Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 26.10.2018 11:16 Жаңыланды: 26.10.2018 12:02 На русском

13 жаштагы Аяна Оштогу мектептен чыккан бойдон дайынсыз (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон окуучу изделип жатат, деп билдирди бүгүн, 26-октябрда Ош ШИИБ.

Ошто мектептен чыккан бойдон дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз табылды

Ош шаарынын У.Салиева кѳчѳсүндө жашап жаткан 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева кечээ, 25-октябрда саат 12:00 чамасында шаардагы №7 Нариман орто мектебинен чыгып кеткен. Ошол бойдон үйүнө кайтып барган эмес.

Белгилери: боюнун узундугу 150-155 см чамалуу, орто дене түзүлүштө, кара тору, кашы кара, чачы узун жана кара түстѳ.

Кийген кийимдери: агыш түстѳгү хиджаб, ак түстѳ кофта, боз түстѳгү юбка, бутунда кызыл түстөгү спорттук бут кийим.

Аяна тууралуу маалыматы бар жарандар (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77 телефон номурлары аркылуу жакындары жана милиция кызматкерлери менен байланышса болот.

Аяна

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×