Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 26.10.2018 15:44 На русском

Ошто мектептен чыккан бойдон дайынсыз жоголгон 13 жаштагы кыз табылды

Turmush -  Ош шаарында мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон окуучу — 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева бүгүн, 26-октябрда саат 12:30 чамасында табылды. Ал өзү жашаган райондогу үйлөрдүн биринде түнөгөн.

Аны Ош ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери издеп жүрүп тапкан. Окуучунун үйүнө кайтып барбаганына үй-бүлөлүк чыр себеп болгон. Ал эми ал кызды үйүнө түнөткөн үй-бүлө көчөдө жүргөнүн көрүп, кайрымдуулук үчүн жардам бергенин айтышкан.

Ош шаарынын У.Салиева кѳчѳсүндө жашап жаткан Аяна кечээ, 25-октябрда саат 12:00 чамасында шаардагы №7 Нариман орто мектебинен чыгып кеткен. Ошол бойдон үйүнө кайтып барган эмес.

Аяна

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×