Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 26.10.2018 17:01 Жаңыланды: 26.10.2018 18:00

Видео, сүрөт — Мамыр Махмуджанов 18 жылдан бери эски гаражда жашайт, пенсия да ала элек

Turmush -  67 жаштагы Мамыр Махмуджанов 18 жылдан бери Ош шаарындагы эски гараждардын биринде баш калкалайт. 9 жылдан бери пенсия ала албай, убара болуп жүргөнүн аны менен таанышкан Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Өзүнүн айтымында, 2000-жылы паспортун жоготкон. Ал эми 39 жылдык өмүрүн мамлекеттик мекемеде эмгектенип өткөргөнүн айтты.

«Кара-Суу автобазасында айдоочу болуп көп жыл иштедим. 2000-жылы паспортумду жоготуп жибердим, башка документтерим бар. Кара-Суу менен Өзбекстандын Коргон-Төпе айылы чектеш болгондуктан, мен Коргон-Төпеден паспорт алып калгам. Бирок туулгандыгым тууралуу күбөлүктө туулган жерим Кара-Суу деп жазылган.

Паспорт алуу үчүн көп жолу кайрылдым. Бирок Өзбекстанга кайрылуу жибер дешип, көп документтерди айтып кыйнап жатышат. Эркек киши 58 жашында пенсияга чыгышы керек болсо, мен 9 жылдан бери пенсия албай келем», - деди Мамыр Махмуджанов.

Учурда үчүнчү жубайы менен гаражда жашашат. Ал эми турак үйүн экинчи жубайына өткөрүп берип, өзү чыгып кеткенин айтты.

«Биринчи жубайымдан эки кызым бар, алар жогорку билимдүү. Ал эми экинчи жубайым менен уулум Уфа шаарына кетип калышкан. Учурдагы жубайым менен 15 жылдан бери бирге жашайм. Балдарым менин кайда жашаганымды билишпейт. Бул гараж досума караштуу. 9 жылдык пенсиямды беришсе, ушул гаражды сатып алмакмын», - деп кошумчалады Махмуджанов.

Кышкысын, жазында жаан жааганда гараждын үстүнөн тамчы тамат. Ал эми электр жарыгы өчүп калганда калың кийинип жата берерин кошумчалады.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×