Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Озгон 27.10.2018 09:49

Өзгөндөгү таксисттердин мушташы: Милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

Turmush -  Өзгөн шаарында таксисттердин ортосунда болгон мушташ териштирилүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-октябрда Өзгөн РИИБдин жетекчилигине Өзгөн районунун Көлдүк айылынын 1973-жылы туулган тургуну К.Н (аял киши) арыз менен кайрылган. Анда ал 26-октябрда саат 13:15 чамасында аны Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан Бишкек—Ош автобекетинде азиат улутундагы белгисиз эки жигит уруп, денесине залал келтиргенин билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, 26-октябрда саат 13:15 чамасында Өзгөн шаарындагы автобекетте Өзгөн районунун Көлдүк айылынын 1968-жылы туулган тургуну Б.Д.К., жеке унаасына Бишкек шаарына бир адам жана эки бачок бал алып жаткан учурда, ошол жерде Бишкек шаарына жүк ташыган Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын 1963-жылы туулган М.А.К. менен жүк талашып урушуп кетишкен.

Ошол учурда Д.Б.нын уулу 1994-жылы туулган К.Б.Д атасына болушуп, М.А.ны муунтуп басып алган учурда М.А.нын 1989-жылы туулган А.уулу Э., аттуу уулу өзүнүн эки досу менен келип, атасына болушуп мушташа кетишкен. Ал эми Д.Б.нын 1973-жылы туулган аялы К.Н.А. ортого түшүп, аларды ажыратууга аракет жасап жатканда балдардын бирөөсүнүн колу тийип, денесинен жараат алган.

Натыйжада Н.К., жана уулу Б.К. денесинен жараат алып, Өзгөн аймактык ооруканага кайрылган. Окуя болгон жерге Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана Ош ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальонунун 2-ротасынын кызматкерлери чыгышкан.

Топтолгон материалдар 26-октябрда Өзгөн РИИБдин кылмыш каттоо китебине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Шектүүлөр Өзгөн РИИБге алынып келинип, тергөө иштери улантылууда.

Шектүү катары Өзгөн районунун Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылынын 1963-жылы туулган тургуну М.А.К., ушул эле айылдын 1989-жылы туулган тургуну А.уулу Э., 1989-жылы туулган Т.уулу К., суралып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×