Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 27.10.2018 09:59

Кара-Сууда башкаруусун жоготкон «Тойота» 6 жаштагы баланы сүзүп кетти (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Ош жолунун 642-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Садырбай айылында жеңил унаа 6 жаштагы баланы сүзүп кетти. Окуя 25-октябрь күнү саат 17:10 чамасында болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Ош шаарынын 1992-жылы туулган тургуну А.Н. «Тойота Каролла» үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаары тарапка бара жатып рулду башкара албай, 2012-жылы туулган баланы сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган жаш бала Ош облустук бириккен ооруканасынын балдар бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда бул жол кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×