Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Ош облусуКара-Кулжа району 27.10.2018 13:19 На русском

Кара-Кулжанын Сай-Талаа айылында 13 млн сомго курулган спорт зал ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 26-октябрь күнү Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Сай-Талаа айылында 13 млн сомго курулган спорт зал ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Бурканбек Айсаев билдирди.

Спорттук зал Сооронбай Жусуев атындагы орто мектептин аймагына курулду. Ачылыш аземге Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов, тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Спорт залдын курулушуна республикалык бюджеттен 13 млн сом бөлүнгөн. Спорт залда волейбол, баскетбол, теннис ойноого болот. Буга чейин аталган айылда спорт зал болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.73% (771)
«РСК Банк»
27.74% (398)
«Капитал Банк»
6.48% (93)
...
Всего голосов: 1435
×