Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 28.10.2018 10:00

Ошто кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскеришти (сүрөт)

Turmush -  Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өздүк курамы кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгына карата кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскеришти.

Жол тескөөчү Алтынбек Теңгизбаевдин айтымында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө да жардам көрсөтүлдү. Эскерилген кызматкерлердин арасында Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Дамир Мойдунов да бар. Ал бүт өмүрүн коомдук коопсуздукту сактоого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган. Ал 2013-жылы 20-октябрда кызмат учурунда каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×