Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.10.2018 10:25 На русском

Өзгөндө баңгизат менен кармалган адам имам болуп иштебейт, - Мусулмандар дин башкармалыгы

Turmush -  Өзгөн районунун Жылалды айылында баңгизат менен кармалган адам имам болуп иштебейт. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.

«Кармалган жаран Өзгөн районунун Жылалды айылында имам болуп иштебейт жана Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын структурасында буга чейин дагы иштеген эмес », - деди ал.

Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Жылалды айылында 37 жаштагы имам баңгизат менен кармалганын билдирген болчу.

Маалыматка караганда, 26-октябрга караган түнү саат 04:55 чамасында Өзгөн РИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жылалды айылынын 1981-жылы туулган тургуну, аталган айылдын имамы С.К.нын курткасынын сырткы чөнтөгүнөн 37.6 грамм марихуана баңгизаты табылган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн РИИБнин кылмыш каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми кармалган С. К. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда Өзгөн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×