Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуАлай району 31.10.2018 20:59

Айыл турмушу: Абдилазиз Шапаков жыгач менен таштан жасаган уникалдуу эмгектери миңден ашты (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн Чакмак айылынын тургуну Абдилазиз Шапаков 18 жылдан бери жыгачтан ар түрдүү буюмдарды, жаныбарларды жасайт. Ал көпчүлүктү суктандырган эмгектерин сактоо үчүн музей ачууну көздөп келет. Бирок 5 жылдан бери айыл өкмөттөн жер бөлүнбөй жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

«Буга чейин жыгачтан буюмдарды жасап келгем. Акыркы 2-3 жылдан бери ташты чегип, таш менен иштеп жатам. 18 жылдан бери топтогон эмгектеримди сатыкка чыгарган жокмун. Алай райондук администрациясына, айыл өкмөткө да 5 жылдан бери жер сурап кайрылып жатам.

Мен сураган жер Будалык айыл өкмөтүнө тиешелүү экен. Ал жерде кен бар же жогун геолог адистерди алып келип текшерттим. Мага жер берилсе эле өзүм музей курмакмын», - деди А.Шапаков.

Ал эми Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы Залкар Каримовдун айтымында, музей курууга жер бар. Тиешелүү документтер топтолсо, райондук комиссиянын кароосуна коюлуп, жер маселеси каралат.

«Абдилазиз Шапаков бизге жер боюнча кайрылган. Биз муниципалдык музей болсо гана жер бөлүп бере алабыз. Ал эми жеке менчик музейге уруксат алуу кыйын.

Учурда жер алууга документтери толук эмес болуп жатат. Документ иштери бүтсө эле, райондук жер комиссиясынын кароосуна жөнөтөбүз», - деди З.Каримов.

Устанын үйүнөн жан-жаныбарлардын жетиден жасалган сөлөкөтүн көрүүгө болот. Кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеологиялык түшүнүктү ал жаныбарлардын жашоосунда да чагылдырып көрсөткөн.

Өзүнүн айтымында, 18 жылдан бери жасаган буюмдарынын саны миңден ашты. Учурда алар үйүндө сакталуу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×