Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуАлай району 29.10.2018 12:12 На русском

Сүрөт: Алайдагы жардан унаа кулап, айдоочу каза болду

Turmush -  Алай районунда 40 метр бийиктеги жардан унаасы менен кулаган 56 жаштагы айдоочу каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, 28-октябрга караган түнү Гүлчө айылынын 1962-жылы туулган тургуну Ш.К. өзүнүн «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Сары-Таштан айылына кайтып бара жаткан. Ал Кыр-Кол айылына кире бериште, тактап айтканда ОшЭркеч-Там унаа жолунун 84-чакырымында автоунаасын башкара албай, жолдун сол тарабына чыккан. Андан ары бийиктиги 35-40 метрге жеткен жардан унаасы менен кошо кулап кеткен.

Мунун кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болду. Алай РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тактоо, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×