Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 29.10.2018 12:36 На русском

Өзгөндө баңгизат менен кармалган адам имам жокто анын ордуна мечитке келип жүргөн

Turmush -  Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүндө баңгизат менен кармалган адам имам жок болгондо гана анын ордуна мечитке келип жүргөн. Бул тууралуу айыл өкмөттүн имамы Урустанали Юсупов билдирди.

Анын айтымында, кармалган жаран намаз окучу.

«Айрым учурда мен жок болуп калганда ордума мечитке келип, имамдын милдетин аткарып турган. Бирок расмий түрдө имам деп каттоодон өткөн эмес. Биз анын баңгизат алып жүрөрүн билген эмеспиз. Намаз окуган такыба адам эле», - деди ал.

Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Жылалды айылында 37 жаштагы имам баңгизат менен кармалганын билдирген болчу.

Маалыматка караганда, 26-октябрга караган түнү саат 04:55 чамасында Өзгөн РИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жылалды айылынын 1981-жылы туулган тургуну, аталган айылдын имамы С.К.нын курткасынын сырткы чөнтөгүнөн 37.6 грамм марихуана баңгизаты табылган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн РИИБнин кылмыш каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми кармалган С. К. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кийинчерээк Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев: «Кармалган жаран Өзгөн районунун Жылалды айылында имам болуп иштебейт жана Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын структурасында буга чейин дагы иштеген эмес », - деген билдирүү тараткан.

Шектүүнүн сүрөтү

Подозреваемый в хранении наркотиков житель села Жылалды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×