Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 29.10.2018 14:20

Кара-Кулжадагы эки айылда ФАП ачылды

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Кан-Коргон жана Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылында жаңы курулган ФАП пайдаланууга берилди.

Кан-Коргон айылындагы ФАПтын курулушуна Каржы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 271 миң сом бөлүнсө, өздүк салым 729 миң сомду түзгөн. Анын курулушу ушул жылдын март айында башталган болчу. ФАПка Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан 40 миң сомдук эмеректер берилди.

ФАП эми Кан-Коргон айылындагы 2 миң 721 адамга кызмат кылат.

Ал эми Терек айылындагы ФАП 3 млн 500 миң сомго курулуп, 115 миң сомго жылытуу системасы орнотулду. ФАП айылдагы 1 миң 58 адамды тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×