Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуНоокат району 29.10.2018 16:56 На русском

Ноокаттык мергенчи чоң карышкырды тузакка түшүрдү (видео)

Turmush -  Ноокат районунда элдин мал-жандыктарын жеп жүргөн чоң карышкыр тузакка түшүрүлүп, өлтүрүлдү. Бул тууралуу биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн Араван районунун Түштүк аймагы боюнча топтун башчысы Төлөнбай Каримов билдирди.



Карышкыр

Маалым болгондой, бүгүн, 29-октябрда Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Кураган жайлоосунда карышкырды жергиликтүү мергенчи Давид Абдулаев тузакка түшүргөн. Аталган аймакта акыркы убакта 6 топоз, 10дон ашуун кой-эчки жана тоолордо жүргөн тайлар карышкырга жем болгон эле.

Карышкыр көлөмдүү болгондуктан аны өлтүрүү кыйынга турган. Анын салмагы 30 кг жетет деп болжолдонуп жатат. Ал эми Давид Абдуллаев 20 жылдан ашуун убакыттан бери мергенчилик менен алектенип, айыл элине зыян келтирген жырткыч жаныбарларды жок кылуу аракетин көрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×