Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 30.10.2018 09:50

Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 30-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында бастырмадан өрт чыгып, анын кесепетинен 100 чарчы метр чатыры, 5 куб жыгач жана 5 тонна кийим-кече (товар) күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле балдардын от менен ойногонунан улам Кадамжай районунун Марказ айылында 2 кабаттуу сарайдын 27 чарчы метр чатыры жана 1,5 тонна жайылган чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×