Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2018 11:59 Жаңыланды: 30.10.2018 12:52

Оштогу 400 «хан сарайга» жылуулук берилбейт

Turmush -  Ош шаарындагы заманбап шарттары менен курулган жана курулуп жаткан чоң турак үйлөргө жылуулук берилбей турган болду. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин бүгүн, 30-октябрдагы кезектеги 16-сессиясында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Шаар мэри элдин эсебинен «хан сарайлар» дагы жылуулук алып жатканын, шаарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу максатында аларга жылуулук берүүнү токтотуу тапшырмасы берилгенин билдирди.

Мындай аракеттерди «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Беделбай Кадырбаев да тастыктап, учурда 400 «хан сарай» борбордук жылуулук системасынан чыгарылганын тастыктады. Ал үйлөрдүн ээлеринин дебитордук карызы бар экени аныкталган.

Бүгүнкү сессияда жалпы 9 маселе каралып жатат. Алардын алгачкысы шаардын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маселе болду.

Кийинчерээк Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы жеке турак үйлөрдө жылуулуктун өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди.

Анда: «Ош шаарынын аймагындагы айрым жеке менчик үйлөрдө жылуулук системасын кошууда көрсөтүлгөн эрежелер аткарылбаганы, айрым үйлөрдө карызы бар үчүн жылуулук өчүрүлөт. Негизги максат — кышында көп кабаттуу үйлөргө үзгүлтүксүз жылуулук берүү.

Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жылуулук системалары жеткиликтүү ысыбай турганын айтып келет. Жеке менчик үйлөр борбордук жылуулук системасына толук кошулса, жылытуунун кубаттуулугу азаят. Жеке менчик жер үйлөрдө, “хан сарайларда” көмүр менен, электр энергиясы менен жылууга шарт бар. Көп кабаттуу үйлөрдө аталган шарттардын жоктугу эске алынды», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×