Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуНоокат району 31.10.2018 09:03

Таза суу менен 70% камсыздалды делген Төөлөс айылында 3-4 гана үйдөн суу чыгып жатат, - жашоочулар

Turmush -  Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтүндө суу жана жол маселеси жашоочулардын көйгөйү болууда. Жолго СССР убагында деле асфальт төшөлбөгөнүн, таза суу болсо 3-4 гана үйдөн чыгып жатканын жашоочулар айтышты.

Өткөн жылы айдоочулар өз чөнтөгүнөн каражат чогултуп, жолдордогу чуңкурларды оңдоп чыгышканын жергиликтүү тургун Залкар Токтосунов билдирди.

«Жолубузда чуңкурчалардын көптүгүнөн унаа жүрө албай турган деңгээлге жетип калган. Айла жок жүргүнчүлөрдү ташып иштеген айдоочулар акча чогултуп, чуңкурларды толтурушкан. Ал эми таза суу менен көчөнүн баш тарабындагы гана 3-4 үй камсыз болду. Алар таза сууну бак-дарактарын сугарууга да колдонушат. Көчөнүн аягындагы 50дөй үй-бүлөгө дайыма суу жете бербейт», - деди айыл тургуну.

Бирок таза суунун акысын эсептей турган эсептегичтер бардык үйлөргө орнотулганын кошумчалады.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Адыл Эшматов суу маселесин мурдагы айыл башчы туура эмес пландаганын, маселе акырындык менен чечилерин айтты.

«Былтыр таза сууга 4,5 млн сом акча каражаты бөлүнүп, элдин 70 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Учурда жаңы конуштар гана калган. Ошондой эле жолдордогу чуңкурларды толтуруу үчүн өкмөттүн эсебинен 10 тонна цемент берилген. Чындыгында жолдун абалы оор. 2019-жылкы планга 4 км 300 метр жолду оңдоо долбоорун киргиздик. Акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнөт. 7 млн сомдун тегерегиндеги акча коройт деп болжолдонууда», - деди айыл өкмөт башчысы Адыл Эшматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×