Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2018 16:37

Ош шаарында 1-ноябрдан тарта жылуулук берилет

Turmush -  Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө, мекемелерге 1-ноябрдан тарта жылуулук берилип баштайт. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирди.

«Абанын температурасы кескин өзгөрүп, суук түшкөнүнө байланыштуу 1-ноябрдан баштап Ош шаарына жылуулук берилет. Ошондой эле электр тармактар ишканалары калкты электр энергиясы менен, “Ошгаз” филиалы газ менен үзгүлтүксүз камсыздоого милдеттендирилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×