Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 30.10.2018 18:05

Видео, сүрөт: Коомдук унааларды сааттап күтөбүз, - Оштогу жүргүнчүлөр

Turmush -  Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүндөгү аялдамада саат 16:00дөн 19:00гө чейин чоң жана кичи автобустарды күтүп турган окуучулар, студенттер жана шаар тургундары көп болот. Бул аялдама окуу жайларга, мектептерге, ишканаларга жакын жерде жайгашкандыктан жүргүнчүлөрдүн саны арбын.

Учурда ал жердеги жүргүнчүлөр кеминде 20 мүнөттөн 1,5 саатка чейин коомдук унааларды күтүүгө аргасыз болуп жатканын айтышты. Адатта кечкисин автобустар менен кичи автобустар толуп келип, бул аялдамадан 7-8 адамды гана алып кетишет. Ал эми аялдамада 50дөн 100гө чейин жүргүнчүлөрдү көрүүгө болот.

«Бул жерде айдоочулар да акылдуулук кылат. Алар топ-топ болуп турган окуучулардын алдына токтошпой, чоң адамдардын алдына барып токтойт. Анткени 10 окуучу берген акчаны, бир чоң адамдан алганы пайдалуу. Ал эми шаардын ичинен каттаган чоң жана кичи автобустар толуп келип, бул жерден окуучуларды албай, 5-6 жүргүнчүнү гана салып кетет», - деди шаар тургуну Бакыт.

Кыштын күнүндө күн кыскарып, сабактан кеч чыккан окуучулар да аялдамада коомдук унааларды көп убакыт күтүп калышат.

«Биз сабактан кеч чыгып, аялдама да көпкө туруп калабыз. Кээде кичи автобустарга тыгылып, кыйналып жатып батсак айдоочулардан уруш угабыз. Анткени биз жол киреге 1 сом эле беребиз. Кээде майда жок болгондо 10 сом берсек, калган акчаны кайтарбай койгон айдоочулар да болот», - деди 7-класстын окуучусу Айдай.

Ал эми Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги жүргүнчүлөрдөн же окуучулардын ата-энелеринен эч кандай арыз түшпөгөнүн жана ал жерде учурда каттам туруктуу экенин билдирди.

«Шаар ичинде каттаган №12 чоң автобус 8-10 мүнөттөн, ал эми №13 автобус аралыгы 7-8 мүнөттөн каттап жатышат. Ошондой эле №105, 116, 119, 122, 127, 157 жана 130, 143, 146, 153 каттамдагы кичи автобустар 3-14 мүнөт аралыкта каттап турушат. Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин эки адиси саат 16:30дан 19:00гө чейин окуучуларды карап турушат. Азырынча жүргүнчүлөрдөн бизге арыздар түшө элек. Эгер арыз менен кайрылгандар болсо маселени оң жагына чечүү чараларын көрөбүз», - деди Ош шаарынын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Равшанбек Марифов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×