Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 31.10.2018 10:26 Жаңыланды: 31.10.2018 12:14

Кара-Суудагы мектептин ашканасы 627 миң сомго жаңыланды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Савай айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыргызстан орто мектебинин ашканасын оңдоп-түзөө иштери аяктап калды. Савай айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, мектептин ашканасын оңдоого айыл өкмөттүн бюджетинен 944 миң сом каралган.

«Мектептин ашканасын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 944 миң сом бөлүнүп, тендер жарыяланган. Тендерден 627 миң сом сунуштаган курулушу компаниясы утуп чыгып, ондоп-түзөөдөн өткөрдү. Ашканада бардык шарттар түзүлдү», - деди Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдусаит Абдуллаев.

Буга чейин аталган мектептин ашканасы жараксыз абалга келип, оңдоого муктаж болчу.

Кызыл-Кыргызстан мектебинин имараты 1988-жылы курулган. 640 орунга ылайыкталган имаратта учурда 673 окуучу билим алып, аларды 44 мугалим окутуп жатат. Бул мектептин имаратында былтыр заманбап спорт зал ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×