Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 31.10.2018 13:26 Жаңыланды: 31.10.2018 18:06 На русском

Видео: Айына жетпей көз жарган Гүлназдын 3 эм төрөгөнүнө туугандары ишенген эмес

Turmush -  4-октябрда Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда жашаган жубайлар Эрнис Бакиров менен Гүлназ Баатырова үч эмдүү болушкан. Операция жолу менен төрөгөн эне ден соолугуна байланыштуу ымыркайларды 7 ай гана көтөргөн.

Кайын журтумда эгиздер бар экен, бирок үч эм дегенде эч ким ишенген жок, дейт Гүлназ.

«Алгач УЗИге түшкөнүбүздө эгиз деп айтышкан, бирок анда 3 эмдин бирөө жашынып калыптыр. Доплер аркылуу гана үч эм бири уул, экөө кыз экенин айтышты. Албетте, кубанып жүрдүк. Бирок 5 ай болгондо буттарым шишип, демим кысылып баштады. Себеби, мен тамактанган тамак-аш, кислород, кан төртөөбүзгө бөлүнөт экен. Акыркы күндөрү баса албай калгандыктан 7 айга жеткенде операция аркылуу төрөдүм.

Азырынча үчөө тең жоош, ыйлашпайт деле. Бир учурда ойгонуп калганда жолдошум же апам каралашып жатат», - деди үч эмдин апасы Баатырова.

Гүлжан, Нуржан, Бекжан үч тондо жайгашкан эгиздер болгондуктан бири-бирине окшобойт. Ал эми ысымды Эрнис Бакировдун ата-энеси тандашкан. Балдар төрөлгөндө алгачкылардан болуп ата-энеме сүйүнчүлөдүм, дейт 3 эмдин атасы.

«Аялым төрөгөнчө ооруканадан чыккан жокмун. Төрөгөнгө чейин, төрөгөндөн кийин дагы жалпы 19 күн ооруканада жатты. Дарынын түрүн сатып алдык.

Жубайым кош бойлуулуктун 2 айынан тарта 6 айга чейин төрт адамды тойгузуу үчүн көп тамактанып калды. Ал эми 3 эм төрөлгөнүн уккандагы сезимди сөз менен жеткире албайсың, лотереядан утуп алгандай, дүйнөгө батпай сүйүндүм. Алгач эле ата-энеме, бир туугандарыма сүйүнчүлөдүм. Бирок көбү дароо ишенген жок», - деди Эрнис Бакиров.

Учурда үч эм салмак кошуп калышты. Аларга 700 сомго кошумча тамак сатып алып, эки күнгө жеткиришет.

32 жаштагы Гүлназ Баатырованын 3 эми (2 кыз, 1 уул) 4-октябрда саат 12:43 чамасында операция жолу менен жарыкка келген. Алардын улуусу 1 кг 475 г салмакта, экинчи кызы 1 кг 660 г салмакта болсо, үчүнчү болуп төрөлгөн уулунун салмагы 1 кг 545 г болгон.
Эрнис Бакиров менен Гүлназ Баатырова буга чейин 2 уулдуу болушкан. Эми алар 5 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×