Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 31.10.2018 14:15 На русском

Рахимбек Мырзакулов Өзгөн районунун акиминин орун басары болду (өмүр баяны)

Turmush -  Өзгөн районунун акиминин орун басары болуп Рахимбек Мырзакулов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Р.Мырзакуловду бүгүн, 31-октябрь күнү өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамаджанов жамаатка тааныштырды.

Рахимбек Мырзакулов

Акимдин орун басары буга чейин Өзгөн районундагы А.Урбаева атындагы борбордук китепкананы жетектеп келген. Ал эми мурунку орун басар Алишер Бакышев райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп которулду.

Р.Мырзакулов 1966-жылы Өзгөн районунун Ак-Терек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Билими:

- 1984-88-жылдары Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумду аяктаган;

- 2003-2010-жылдары ОшТУда биология факультетинде билим алган.

Эмгек жолу:

- 1988-1994-жылдары Мырза-Акедеги кирпич заводдо жумушчу, бухгалтер жана башкы бухгалтер;

- 1994-96-жылдары Мырза-Аке айыл аймагында башкы бухгалтер;

- 1996-2009-жылдары Өзгөндөгү мамлекеттик сорт сыноо станциясында башкы бухгалтер, директордун орун басары;

- 2009-2013-жылдары Өзгөндөгү мамлекеттик сорт сыноо станциясынын директору;

- 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2018-жылы А.Урбаева атындагы Өзгөн райондук борборлоштурулган китепкананын директору.

- 2012-жылдан тарта Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×