Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуНоокат району 31.10.2018 15:23 На русском

Ноокаттагы жол кырсыктан кийин 21 жаштагы айдоочу эс-учуна келе элек (сүрөт)

Turmush -  Ноокатта автоунаа кырсыгынан кийин эс-учуна келе элек жабырлануучу жигиттин туугандары күнөөлүү адам жоопко тартылбай жатканына нааразы. Бул кырсыкты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 26-октябрында саат 22:30 чамасында Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Баглан айылында унаа кырсыгы катталган. Ноокат районундагы Беш-Буркан айылынын 1997-жылы туулган тургуну А.Исамидин өзүнүн «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жаткан. Анын артынан Ноокат районунун тургуну Ж.М. башкарган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы келип, жолдун жээгине чыгара сүзгөн.

Анын кесепетинен «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Андан бери ага дарыгерлер керектүү медициналык жардамдарды көрсөтүп жатышат. Расмий органдар бул факты боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ал эми кырсыктан кийин эс-учуна келе элек жабырлануучунун туугандары күнөөлүү тарапты жазага тартууну талап кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×