Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 31.10.2018 17:40 На русском

Сүрөт, видео — Өзгөндө 10 тонна жүзүм жүктөлгөн унаа оодарылып кетти

Turmush -  Өзгөн районунда Россияга жүзүм жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Turmush басылмасынын кабарчысына күбөлөр билдиргендей, окуя бүгүн, 31-октябрда саат 16:30 чамасында болгон.

Күйүүчү май куюучу жайдын жанынан оодарылган «КамАЗ» унаасында 10 тоннадан ашык жүзүм жүктөлгөнү айтылууда. Күбөлөр катуу ылдамдыктагы унаа бурулуштан бурулганда оодарылганын көрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×