Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуНоокат району 31.10.2018 19:47 На русском

Ноокатта «Жигули» тосмону сүзүп, 20 жаштагы жигит каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ош—Исфана унаа жолунун 18-чакырымында, тактап айтканда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы жол кырсыктын кесепетинен жүргүнчү каза болду. Окуя бүгүн, 31-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Аталган айылдын 1998-жылы туулган туругу М. у А. «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаарынан Ноокат районуна бара жатып рулду башкар албай, бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчүлөр — 1997-жылы туулган А. у Ж. менен 1998-жылы туулган М.А. Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми 1998-жылы туулган А. у И. ооруканага жетпей көз жумган.

Учурда Ноокат РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×