Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Озгон 01.11.2018 09:30 На русском

Видео, сүрөт — Өзгөндө эң алгачкы жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулуп, бирок пайдаланууга бериле элек

Turmush -  Өзгөн шаарындагы борбордук базардын жанында курулган жер үстүндөгү өтмөк даяр болгону менен азыркыга чейин пайдаланууга бериле элек. Ал эми жергиликтүүлөрдүн айтымында, өтмөк туура эмес курулган.

Анткени базардан жүгү менен чыккан адамдар жер үстүндөгү өтмөктөн өтпөй эле, жолду кесип өтүп жатышат. Айрымдар анын ордуна жер алдынан өтүүчү өтмөк курулса максаттуу болмок, деген пикирин айтууда.

«Жолду тосуп коюу керек, ошондо гана адамдар жер үстүндөгү өтмөктөн өтүп калышмак. Азыр жолдун эки тарабы ачык болгондуктан, жөө жүргүнчүлөр кайра эле жолду кесип өтүп жатышат», - деди шаар тургуну Рашидбек Ункулов.

Жергиликтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөн жаштар гана өтпөсө, улгайган адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайсыз экенин белгилешет.

«Бул өтмөк жер алдынан өтүүчү өтмөк болгондо жакшы болмок. Азыр эч ким бул өтмөктөн өтпөйт. Жаштар гана өтүшпөсө, калганыбыз оңоюна карап, жолду кесип эле өтүп кетебиз», - дейт жергиликтүү тургун Уланбек Сайпулдаев.

«Мен 60 жашка барып калдым. Мага окшогондор бул өтмөктөн өтө алышпайт. Жүгү бар адамдын бул өтмөктөн өтүшү кыйын», - деп кошумчалады Амбарали Жапаров.

Ал эми Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахманжан Атаджановдун айтымында, жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн курулушунда кемчиликтер бар.

«2017-жылы долбоору даярдалган. Сметалык баасы 8,5 млн сом болуп, тендерден уткан компания 3 млн 200 миң сом сунуштаган. 2017-жылы октябрь айында курулуш башталган. Быйыл август айында иш аткаруучулар өтмөк бүткөнү боюнча кат менен кайрылган. Андан кийин муниципалдык менчиктерди өнүктүрүү департаментине тапшырма берилип, жумушчу комиссия түзүлгөн болчу. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен курулуштун жүрүшүндө кемчиликтер байкалганы үчүн кайтарылып берилген. Кемчиликтер жоюлгандан кийин гана кабыл алабыз.

Учурда шаардык архитектура да бул маселени карап жатат», - деди Р.Атаджанов.

Өзгөн шаары, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун экологиялык, техникалык коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын региондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Бегали Даткаевдин айтымында, жер үстүндөгү өтмөктү кабыл алуу боюнча 30-октябрь күнү кайрылуу түшкөн.

«Биз курулуп баштагандан тартып эле көзөмөлгө алганбыз. Бизге 30-октябрда кайрылышты. 14 күндө комиссия менен биргеликте карап чыгып, жообун айтабыз. Бардык талаптарга жооп берсе пайдаланууга берилет», - деди ал.

Учурда жаңы курулган жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөн өткөндөрдүн саны аз. Ал пайдаланууга бериле элек жатып таштанды таштала баштаганын да көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×