Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 01.11.2018 18:41 Жаңыланды: 02.11.2018 11:07 На русском

Сүрөт — Кичинекей милиционер: 6 жаштагы Бейшенбектин 5 формасы, күбөлүгү да бар

Turmush -  1-ноябрда Ош шаарында кыргыз милициясынын 94 жылдыгына арналган салтанаттуу маараке өттү. Анын жүрүшүндө залга күтүүсүздөн милиция формасын кийип кирип келген 6 жаштагы Бейшенбек көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулаган.

Бейшенбектин апасы Гүлбарчын Болушова уулу 3 жашынан тарта милиция кызматкери болууга кызыгып баштаганын айтат.

«Уулум акыл-эси толуп, сүйлөп калганда "милиция болом" деп айта берчү. Бир ирет жолдогу МАИ (учурдагы аталышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы) кызматкерлерин көрүп калган экен. Ошондон кийин басса-турса аларды туурап, көчөдөгү унааларды тосуп калчу. Кийинчерээк мени ойнотуп кел деп алдап, жолдогу милиция кызматкерлерине жетелеп бара турган болду. Алар менен чоң адамдардай сүйлөшүп калат.

“Бул жерде эмне кылып жатасыз, силер иштебейт экенсиңер. Тигил жакта тыгын болуп жатса, силер бул жакта жүрөсүңөр. Жүрүгүлө, мен жардамдашам, тыгынды жок кылабыз”, - деп мени да, аларды да таң калтырган. Ошондо мен чындап уулумдун кызыгуусу бар экенин байкап, ага милициянын формасын тигип бердим. Атасы да уулун ар тараптан колдоп, айтканын аткарат», - деди Гүлбарчын Болушова.

Учурда Бейшенбек 6 жашта. Ал шаардагы бала бакчага 3-4 күн барып, бирок ал жактагы балдар ыйлаак экен деп барбай койгон.

«Шаардагы чет өлкөлүк студенттердин алдынан тосуп чыгып, “документтериңерди көрсөткүлө, бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр” деп сүрдүү сүйлөп, алар менен таанышып алат. Аларга мен котормочу болуп берем», - деп кошумчалады Бейшенбектин апасы.

Жубайлардын жалгыз уулу милиция кызматкерлери менен кадимкидей сүйлөшүп, достошуп, алар менен чогуу жүрөт. Ал өзүнө милиция кызматкери экени жазылган оюнчук күбөлүк да жасаттырып алган. Учурда Бейшенбектин 5 түрдүү формасы да бар.

Бүгүнкү майрамда Бейшенбек Эсеевди Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов өзү тосуп алып, каалоо-тилектерин айтып, ак батасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×