Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 02.11.2018 10:23

Кара-Сууда милиция кызматкерлери сыйланды

Turmush -  Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 94 жылдыгы Кара-Суу районунда салтанаттуу белгиленди. Райондук администрациядан билдиришкендей, анын алкагында милиция кызматкерлери сыйланган.

«Иш-чарага аким Тилек Матраимов катышып, 9 милиция кызматкерине грамота, милициянын 11 ардагерине баалуу белектер берилди. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин мыктыларына Ички иштер министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын орден жана медалдары тапшырылды», - деди акимдин орун басары Мехринса Жороева.

Ага кошумча концерттик программа тартууланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×