Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусуАлай району 02.11.2018 14:44

Алайда милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Маалым болгондой, салтанатта Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Алмазбек Мурзалиев аткарылып жаткан иш аракеттер тууралуу кеңири маалымат берди жана кесиптештерин куттуктап, аларга белгиленген сыйлыктарды тапшырды. Андан кийин Алай районунун акими Замирбек Молдокулов тоолуу Алай жергеси алыс жайгашкандыгына карабастан милиция кызматкерлери күжүрмөндүүлүк менен иш алып барып жатышкандыгын айтып, коомдук коопсуздукту, мыйзамдуулукту жана жарандардын укугун сактоодогу иш-аракеттери тууралуу көңүл көтөргөн сөзүн айтып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Андан соң, өз иштеринде мыкты жактары менен айырмаланган өздүк курамдын бир топ кызматкерлерине ардак грамоталарды, төш белгилерди тапшырды.

Мындан сырткары райондун өздүк курамын мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, ардагерлер куттукташты. Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата райондун өнөрпоздорунун концерттик программасы тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×