Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 05.11.2018 08:23 Жаңыланды: 05.11.2018 16:53 На русском

4 милиционердин өлүмү: Көп улуттан түзүлгөн кылмыштуу топтор менен күрөшкөн Камалбек Раимжанов

Turmush -  Оштогу жеке банктын коопсуздук кызматынын башчысы Камалбек Раимжанов ички иштер органдарында эмгектенип жүргөн убагында өзгөчө маанидеги кылмыштардын бетин ачкан. Ал Кыргызстандын түштүгүндө баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүп, Пакистандан атайын даярдыктан өтүп келген террорчуларды кармап, Кара-Суу базарында уйгур тектүү соодагерлерди сактап калган. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

 Камалбек Раимжанов

«Мен 1958-жылы Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Орт-Боз айылында туулгам. Кийин биз Андижан облусунун Коргон-Төбө районуна көчүп барып, ошол жакта жашап калдык. Орто билимди аталган райондогу Токтогул атындагы орто мектептен алгам. Атам ветеринардык дарыгер, апам үй кызматкери болчу. 1984-жылы Бишкектеги (Фрунзе) Дене тарбия институтун бүтүргөм. 1999-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин сырттан окуп бүтүргөм.

1980-жылы Ош ШИИБдин коомдук тартипти сактоо бөлүмүндө иштей баштадым. Кийин, 1984-жылы аймактык милиция бөлүмүндө иштедим. 1990-жылы аймактык милициянын опер кызматкери болдум. Ошол эле жылы ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштей баштадым. 2001-жылы Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын Ош облусу боюнча башчысы болдум. 2004-жылдан 2010-жылга чейин Баңгизаттарга каршы күрөшүү агенттигинде иштедим. Андан кийин Баткен облусуна өзгөчө маанидеги улук опер болуп бардым. 2011-жылдан 2014-жылга чейин Кадамжай РИИБдин оперативдик иштер боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары болуп, бул кызматтан кийин пенсияга чыктым», - деди Камалбек Раимжанов.

1995-жылдан 2000-жылга чейин Ош облусунда атайын топтор түзүлүп, талап-тоноочулук, каракчылык фактылар көп каттала баштаган.

«Кыргызстан жаңы эгемендүүлүктү алган жылдары абдан оор болгон эле. Ошол жылы мен кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө иштеп жаткам. Эгемендиктин биринчи жылдарында Ош облусунун аймагында ар түрдүү топтор көбөйүп кеткен. Алар каракчылык кыла башташкан. Ушул топтордун тизмесин каттап, аларды толугу менен жоюп, таркаттык. Мисалы, биз «Мурабыд» тобун, «Аваз каратист», «Баха» деген топторду (Ош облусунда баңгизаттарды көзөмөлдөгөн топ), «Алиш» деген спорттук топту (базарларды көзөмөлгө алган топ) кармап, аларды таркатууга, таасирин азайтууга жетиштик. Ал топтордо мүчө болуп жүргөндөр учурунда өз жазаларын алышкан», - деди Раимжанов.

1995-жылдан 2000-жылга чейин Кыргызстандын аймагында террористтик топтор баш көтөрө башташкан.

«Ошол жылдары Бишкектеги «Достук» тойканасынын алдынан 4 милиция кызматкери, диаспоранын башчысы атып өлтүрүлгөн эле. Ошол убакта Ош облусунда талап-тоноочулук күчөп кеткен убак болгон.

Ошондой эле Кара-Суудагы уйгур тектүү соодагер ири суммадагы акчасын тонотуп, бизге кайрылды. Арыз ээсинин көрсөтмөсү боюнча, аны жер үйгө алып киришип, "акча берсең өлтүрбөйбүз" деп айтышыптыр. Көзү атайын кездеме менен таңылган убакта айран, сүт саткан адамдардын үнүн угуп, кичине жылчыктан үйдүн алдындагы жүзүм бакты көрүп калыптыр. Ушул айтылгандар себеп болуп үйдү кыдырууга түштүк. Анда Ошто жарнамаларды чыгарган бир эле гезит бар болчу. Анын редакциясына барып, өзүмдү соодагер деп тааныштырып, уйгур соодагердин көрсөтмөсүндө айтылган сөздөрдү айтып, ошол сүрөттөп бергендей үй деп айттым. Кийин ал жактан мен айткандай үй табылганын кабарлашты. Айтылган дарекке барып, айлананы карасам чынында эле соодагер сүрөттөп берген үй экен. Жер төлөсү да бар. Андан кийин гезиттин редакциясына барып, үйдө мурун ким жашаганын сурадым. Ал жактын кызматкери үйдү бирөөлөр аркылуу тапканын айтты. Ошондо ал айткан адамды таап, анын көрсөтмөсү менен тоноочулукка тиешеси бар бир шектүүнү кармадык. Ал кылмыш кылганын моюнуна албай койду. Жанында паранжа жамынган аялы бар экен. Карасам жубайын эле карай берди. Ошол жерден опер кызматкерлерге жубайынын жүзүн ачуусун буйрудум. Мына ушул жерден: "Жубайыма тийбегиле, баарын айтып берем" деп тиешелүү сөздөрдү айткан.

Көрсө, алардын тобунда 11 адам бар экен. Анан калса бул топ Пакистанда атайын аскердик даярдыктан өтүп, бүт курал-жарактар менен куралданган адамдар болуп чыкты. Кармалган кылмышкердин көрсөтмөсү боюнча аларда 2 «Калашников» үлгүсүндөгү автомат, Англиядан чыгарылган автомат, «Стечкин» үлгүсүндөгү тапанча, 4 жардыруу зат, бет кап жана башка куралдар бар эле. Кийин ошол кылмышкердин көрсөтмөсү менен Бишкектеги «Достук» ресторанынын алдында өлтүрүлгөн 4 милиция кызматкеринин, диаспоранын башчысын өлтүргөндөр ушулар экени ачыкка чыкты. Андан кийин Бишкекке барып, 4 кылмышкерди кармадык. Алар да абдан куралданган экен. Алар «Дордой» базарында да жардыруу уюштурушкан. Алардын жанынан 6-7 мамлекеттин жарандыгы жазылган паспорттор да табылды.

Бирок Бишкектен төртөөнү кармоо учурунда, үч кылмышкер Казакстанга качууга үлгүрүшкөн. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, казак тараптагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчөөнү атып өлтүрүшкөн. Ал убакта «терроризм» деген түшүнүк жок болчу. Менин оюмча, ошондо биринчилерден болуп биз террористтерди колго түшүргөнбүз», - деди К.Раимжанов.

Ал Оштун аймагынан 200 кг чейин баңгизаттарды чет өлкөгө өткөрүүгө аракет кылгандарды да кармаган.

«Баңгизат бизнеси менен да ийгиликтүү күрөшкөнбүз. Учурунда 120 кг, 200 кг чейин баңгизаттарды кармадым», - деди К.Раимжанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×