Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.11.2018 11:22 На русском

Оштогу сурамжылоо: Самара Каримованын жетекчилик кызматтан кайра бошотулушу боюнча сиздин пикириңиз? (видео)

Turmush -  Эмгек сиңирген артист наамына 26 жашында ээ болгон ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматынан бошотулган эле. Ал жетекчи болгону тууралуу тиешелүү буйрук 24-октябрда чыгарылганы маалымдалып, жамаатка Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү 31-октябрда тааныштырган болчу.

Эртеси — 1-ноябрда С.Каримова тууралуу буйрукту маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жокко чыгарганы маалым болду. Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, жетекчилик кызматка дайындоо тууралуу буйрук мыйзамсыз чыгарылган.

Аймактык кабарчы Ош шаарынын тургундарынан ырчы Самара Каримованын кызматтан бошотулушу боюнча сурамжылоо жүргүздү. Шаар тургундарынын көбү кызматтан бошотулгандыгы туура эмес болуп калгандыгын айтышса, айрымдары бул көрүнүштүү кызмат талашуу менен түшүндүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×