Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.11.2018 12:08

Ошто Ч.Айтматовдун «Ак кемеси» түшүрүлгөн дарбыздар 1,5 миң сомдон жогору бааланууда (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ош — Айтматовдун тагдырында» аттуу республикалык деңгээлде иш-чара башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бул иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын жандуу галереясы, айыл-чарба жарманкеси, Ош шаары жана Ош облусунун кол өнөрчүлөрүнүн «Ааламды багынткан Айтматов» аттуу көргөзмөсү, «Ош — Айтматовдун тагдырында» аттуу эскерүү кечеси, «Жаныбарым Гүлсары!» аттуу көк бөрү, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш улуттук оюндары өткөрүлөт.

Азыркы тапта Ошто айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Анда Ноокат районунан келген өкүлдөр Ч.Айтматовдун «Кызыл алмасын» алмалар менен чагылдырышкан. Ошону менен катар Ноокат району алманын мекени экенин даңазалап, «Ноокат» деген сөздү алмалар менен жазып чыгышкан. Айыл-чарба жарманкесине Ош облусундагы бардык райондордон айыл-чарба азык-түлүктөрү алынып келинген. Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтү менен Ак-Таш айыл өкмөтүнөн келген өкүлдөр жазуучунун чыгармаларын дарбыздын бетине чагылдырышкан. Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кушбак Абдыразаковдун айтымында, Россияда эмгектенип келген Азамат Балтабаев аттуу жигит дарбызга «Ак кеме» чыгармасын чагылдырып, сүрөт тарткан. Учурда сүрөт тартылган дарбыздар 1 миң 500 сомдон жогору бааланууда.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×