Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 03.11.2018 12:33

С.Жээнбеков: Жер жүзүндө кыргыз эли, адамзат жана сөз бар болсо Ч.Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет

Turmush -  Жер жүзүндө кыргыз эли, кыргыз мамлекети, адамзат жана сөз бар болсо, Чыңгыз Айтматовдун ысымы түбөлүк жашай берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарында өтүп жаткан «Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» аттуу салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим. Быйыл кыргыз журту менен чогуу дүйнөлүк коомчулук биздин улуу жердешибиз, ааламдын акылманы, дүйнөнүн даанышманы Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатат. Ааламдын булуң бурчунда кыргыз уулунун элесине терең урмат көрсөтүлүп, талантына таазим кылынып жатканы бизге чексиз канааттануу алып келет. Бизге зор сыймык тартуулаган бул иштерге астейдил көңүл буруп, аларды ынтызардык менен колдоп келебиз.
Кыргыз жергесинин бардык айыл-шаарларында улуу инсаныбыздын мааракеси жалпы элдин чын пейилден чыккан ыраазылыгы, чыныгы колдоосу менен өтүп жатат.

Улуу жазуучуга болгон сый-урматыңыздарды билдирүү максатында бүгүн «Ош — Чыңгыз Айтматовдун тагдырында» деген салтанаттуу жыйын өткөрүп жатканыңыздар үчүн рахмат.
Күнөстүү Ош менен Айтматовдун тагдыры да, үй-бүлөсүнүн тарыхы да бекем байланышкан. Мына ушул байыркы шаарда, Сулайман тоонун этегинде, Ак-Бууранын боюнда Чыңгыз Айтматовдун алтын балалыгы өткөн. Ал ордолуу Оштун бала бакчасында тарбияланган.
Атасы Төрөкул Айтматовдун мамлекеттик ишмердиги касиеттүү Оштон башталып, партиянын Араван-Буура райкомунун биринчи катчысы болгон.

Байыркы Ош Айтматовдун балалык кыялдарын ойготуп, анын дүйнө таанымына таасир эткен. Балким кичинекей Чыңгыз жазуучулуктун башатын ушул керемет шаардан алгандыр.
Айтматовдун өмүр таржымалын изилдеген окмуштуулар Ош шаарынан көптөгөн кызыктуу фактыларды табаарына шек жок. Байыркы Ош калаасы Чынгыз Айтматовдун элесин кийинки миң жылдарга аздектеп сактап, урпактарга жеткирет деген үмүт ар бир шаардыктын жүрөгүндө жашай берет.

Урматтуу мекендештерим. Чыңгыз Айтматов өз элин, өз өлкөсүн, эне тилин сүйгөн. Ага бүт өмүрүн, зор талантын, чыгармачылык дараметин арнаган. Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнө жүзү биздин элибизди тааныды. Ал дүйнөлүк адабиятка өз Мекенинин, кыргыздын образын жеткирип, аны адамзаттын руханий энчисине айлантты. Айтматов рух дүйнөбүздүн ажырагыс бөлүгү катары, ар бирибиздин адам катары калыптануубузга зор таасир этти. Өзүнүн акылы менен тең бөлүштү, ички дүйнөбүздү аруулантып, көкүрөгүбүзгө улуу сөздүн уругун септи. Айтматов толеранттуулук идеяларын даңазалап, элдерди биригүүгө үндөгөн, улуттарды жакындаштырган инсан болгон.

Улуу жердешибиз гуманизмди, жогорку адептүүлүктү, жарандык ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө үчүн опол тоодой эмгек кылган. Тынчтыкты сүйүүнү, тең укуктуулукту сактоону, этникалык, диний, саясий ар түрдүүлүккө сабырдуулук менен мамиле кылууну осуят калтырган. Өлкөдө улуттар аралык ынтымакты көздүн карегиндей сактап, мамлекеттин өнүгүүсүнө кызмат кылууну — улуу даанышманыбыздын осуятын аткаруу деп түшүнүү керек.
Ошондуктан коомубуздун бардык катмарлары биргелешип, бир эл, бир өлкө катары аракет кылышыбыз зарыл. Улутубузга, тилибизге, динибизге, саясий позициябызга карабай, баарыбыз тең «мен кыргызстандыкмын» деген күчтүү жарандык сезим менен жашоого милдеттүүбүз.
Урматтуу мекендештерим. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнө элдерине кеңири тарап, бүтүндөй адамзатка руханий гүлазык болууда.

Айтматов дүйнөдө биринчи жолу маңкуртчулук, тарыхый эс-тутумду жоготуу адамзатты кандай трагедияга алып келээрин жазып чыкты. Айбанаттын тукуму, мисалы, карышкыр дароо эле карышкыр болуп туулат, же жылкы туулганда эле жылкы болуп жаралат. Ал эми адам туулгандан эле адам болуп кетпейт. Адам болуш үчүн өмүр бою бүтпөгөн күрөш зарыл экенин далилдеп кетти. Адам канткенде адам болот деген суроо аны өмүр бою түйшөлттү. Айтматов коомдук акыл-эстен алда канча алдыга кетип, өз ойлору менен мезгилден озуп, түбөлүктүүлүккө кетти. Муну азыр баарыбыз сезип жатабыз. Анын ар бир айткан ою адамзатка жол көрсөтүп турат. Ошондуктан анын мааракеси бүткүл дүйнө жүзүндө белгиленип жатат. Жазуучунун мааракесине арналган иш-чаралар Бириккен Улуттар Уюмунда болуп өттү. Түрксой үстүбүздөгү жылды Айтматов жылы деп жарыялады. Түркияда, Өзбекстанда, Россияда, Казахстанда, Азербайжанда Чынгыз Айтматовдун мааракеси мамлекетик деңгээлде белгиленди. Айтматов дүйнөнүн бардык элдеринин тилдеринде жашап жатат. Чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик. Анын китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, Жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Мисалы «Жамийла» повести немис тилинде 37 жолу кайра басылып чыкты.

Урматтуу мекендештерим. Айтматов деген — бул өзүнчө бир дүйнө, өзгөчө аалам. Дүйнөнү канчалык терең тааныган сайын, анын белгисиз жаңы сырлары чыгып, билгениңден билбегениң көп экенине ынанасың. Айматовдун ааламы да — дал ошондой, канчалык көп изилдесең, белгисиз жактары жаңыдан чыга берет. Ушул ойду жакында эле өткөн эл аралык Ысык-Көл форуму да тастыктады. Дүйнөгө таанымал ойчулдардын кыргыздын залкары жөнүндө айткан сөздөрүн уктук. Бирок Чынгыз Айтматов жөнүндө канчалык мазмундуу, канчалык терең ой айтылганы менен, баары бир, бул улуу даанышмандын нарк-насилине, рух дүйнөсүнө тең келчү сөз айтылбай калгандай сезилет. Дагы эле анын дүйнөсү кол жеткис бойдон калгандай туюлат. Демек Айтматов жөнүндө айтылчу сөз али алдыда.

Урматтуу мекендештерим. 2008-жылы июнь айында биз Айтматовду гана эмес, бүтүндөй бир доорду акыркы сапарга узаттык. Бирок адамзаттын түбөлүк сапары урпактары аркылуу улана бергендей, өткөн доордун руханий дүйнөсү кийинки доордо да жашоосун уланта берет. Жылдар өтөт, кылым тогошот, Айтматовдун замандаштары кетет, баарыбыз кетебиз. Бирок Чыңгыз Айтматовдун руху жашай берет. Ошол мезгилдерде да кыргыз урпактарынын Чыңгыз Айтматовго болгон урмат-сыйы бөксөрбөй, тескерисинче, Айтматовго болгон сыймыктануу сезимдери күчөйт. Планеталык масштабдагы улуу жазуучу жана орошон ойчул менен улутташ, мекендеш, замандаш болгонубуз үчүн биз, ар дайым сыймыктанууга акылуубуз.

Кыргызстаныбызды, ар бир жараныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун».

Иш-чарага мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев, Чүй облусунун Туйгунаалы Абдраимов, парламенттин спикери Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Алманбет Шыкмаматов («Ата Мекен»), Иса Өмүркулов, Акылбек Жапаров («Бир Бол»), Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, маданият министри Азамат Жамангулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×