Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Кара-Суу 05.11.2018 09:18 Жаңыланды: 05.11.2018 10:25

Кара-Сууда жаш кыз менен жигит истүү газга ууланды

Turmush -  Кара-Суу шаарында истүү газга ууланган жаш жигит менен кыз ооруканага жеткирилди. Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, жабырлануучулар 3-ноябрда саат 01:50 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жабырлануучулар — 1998-жылы туулган А.А. (эркек киши) менен 1998-жылы туулган К.М. (аял киши) дароо медициналык жардам алышты. Алар турак үйдүн ичинде ууланган.

Кийинчерээк Кара-Суу аймактык ооруканасынын директору Гүлкайыр Муратова истүү газга уулангандарга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылганын аймактык кабарчыга билдирди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×