Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
05.11.2018 10:11 Жаңыланды: 05.11.2018 11:48

Сапаттуу жана ыңгайлуу баадагы батирлер: Бишкекте «Эмаком» компаниясынын кеңсеси ачылды (видео, фоторепортаж)

Turmush -  Эми «Эмаком» курулуш компаниясынын кеңсеси Бишкек шаарында дагы бар. Кеңсенин расмий ачылышы салтанаттуу түрдө 1-ноябрда белгиленди.

Салтанатка «Эмаком» курулуш компаниясынын жетекчиси Эмил Жусупов, анын өнөктөштөрү менен кесиптештери, санаалаштары, курулуш тармагындагы жеке ишкерлер, жана курулуш компанияcынын Ош, Кызыл-Кыя шаарларындагы филиалдарындагы кызматкерлер катышты. Жаңы кеңсе Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда, тактап айтканда И.Ахунбаев менен Алмата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анда кардарларга 20дан ашуун кызматкер кызмат көрсөтүп жатышат.

Буга чейин «Эмаком» курулуш компаниясы Бишкек, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларында заманбап, сапаттуу жана ыңгайлуу баадагы көп кабаттуу үйлөрдү куруп келген.

«Биздин курулуш компаниянын кеңсеси Бишкек шаарында да ачылды. Биздин компания азыркы учурда Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районунда (Ахунбаев менен Молдогулов көчөлөрүнүн кесилишинде) «Family house» турак жай комплексин куруп жатат. Аталган комплекс 9 кабаттуу 6 үйдөн турат.

«Family house» турак жайынын башка турак жайлардан өзгөчөлүгү — экологиялык жактан таза райондо жайгашкан. Ошондой эле аны курууда сапаттуу курулуш материалдары пайдаланылат.

Биз элди сапаттуу турак үйлөр менен камсыздагандан сырткары ар бир кардардын мүмкүнчүлүгүнө жараша арзан баада батирлерди сатуудабыз. Муну менен биз элге жакшы шартта жашоого жол ачууга аракет кылабыз. Андыктан, сапаттуу жана арзан баада батирлерди алууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар», - деди Эмилбек Жусупов.

«Family house» турак жайында 400дөн ашуун батир бар. Алардын айланасы курчалып, балдар аянтчасы, автоунааларды токтотуучу жайлар курулуп, видео байкоо жүргүзүүчү камералар орнотулуп, коммуналдык шарттар толук түзүлгөн.

«Эмаком» курулуш компаниясы менен байланыш үчүн телефондор:

0556-44-11-44

0705-44-11-44

0775-44-1144

«Эмаком» курулуш компаниясынын жаңы кеңсесинин дареги: Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районундагы (И.Ахунбаев менен Молдогулов көчөлөрүнүн кесилиши) Көк-Жар көчөсү №51.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×