Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 05.11.2018 10:14

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 5-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Оштогу Кара-Суу районунун Учар айылында контейнердин ичиндеги 6 тонна көмүр толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Жалал-Абаддагы Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын Ынтымак айылында бастырмадан өрт чыгып, анын кесепетинен 60 чарчы метр чатыры жана 350 түк чөп күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×