Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Кара-Суу 05.11.2018 11:38 На русском

Кара-суулук өспүрүмдөр Ташкенттеги мелдештен 4 медаль алып келишти (сүрөт)

Turmush -  Эркин күрөш боюнча Ташкентте өткөн эл аралык мелдешке Кара-Суу шаарынан 8 спортчу жолдомо алып, катышып келишти. Райондук спорт комитеттен билдиришкендей, жыйынтыгында алардын ичинен төртөө алдыңкы үчилтикке кошулган.

«Ташкентте өткөн эл аралык мелдешке Кара-Суудан 8 спортчу барган эле. Алардын ичинен төртөө медаль алышты. Эки спортчу алтын медалга ээ болсо, экөө күмүш медалга татышкан», - деди райондук спорт комитеттин төрагасы Заирбек Эшмаматов.

Буга чейин кара-суулук 10 өспүрүм Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн эл аралык мелдешке катышып, бардыгы медаль алып келишкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×