Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуНоокат району 05.11.2018 18:38 Жаңыланды: 05.11.2018 19:07 На русском

Быйыл Ноокатта алманын баасы кандай? (видео)

Turmush -  Ноокаттын Кара-Таш айылында алманын түшүмү жакшы болуп, багбандарды кубандырууда. Бирок дыйкандар түшүмдү сатыкка чыгарууда колдоого муктаж. Себеби быйыл алманын баасы арзандап кетти.

«Алманын түшүмү жакшы, бирок баасы арзан болууда. Багбандарга мамлекет тарабынан жардам болсо, биз кыйналып базарга барып сатпайт элек. Кыргызстандын мөмө-жемиштерин чет мамлекетке экспорттоого шарт түзүлсө, дыйкан, багбандардын мээнети акталат эле», - дешет тургундар.

Дыйкандар белгилегендей, алма бакты жакшы караса, ал кайра ээсин багат.

«Алма бакты канчалык жакшы карасаң, сага ошончолук көп түшүм берет. Алмалардын эң өтүмдүүсү кара кочкул (крепсон) түрү. Бул алманын тышкы көрүнүшү жакшы, бирок беш жылдыз алмасындай даамдуу эмес”, - деди Бексултан Койчукулов.

Багбандар багынан жаз мезгилинен күзгө чейин көзүн алышпайт. Алар эрте жазда бактын түбүн жумшартып, койдун кыгын жана жер семирткичтерди салышат. Куртка каршы 9 ай ичинде бакты 5-6 жолу дарылоо да зарыл.

Бексултан Койчукулов жылына алма багынан 5,5 тонна түшүм алат.

Ал эми Ноокат районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мухамедали Турдуев билдиргендей, быйылкы жылы алманын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу аз жана баасы да арзан.

«Ноокатта алманын 24 түрү өсөт. Быйыл түшүм былтыркыга караганда аз. Ага жаздын башында Ноокат районунун тоолуу аймактарында жаңгактай болгон мөндүр жааганы себеп болду.

Райондо былтыр алманын килограммы дүң баада 25 сомдон 45 сомго чейин сатылса, быйыл 15 сомдон 40 сомго чейин бааланып жатат. Ноокат районунда жылына 70 миң тоннадан 100 миң тоннага чейин түшүм жыйнап алышат. 2010-жылы үлүш жерлерге да алма бак өстүрүүгө уруксат берилген эле. Жалпы 325 гектар үлүш жерде алма көчөттөрү отургузулуп, алардан эми түшүм ала баштадык.

Ошондой эле өзүбүздүн жергиликтүү сортторду карлик кылып отургузуп, өстүрүү аракеттери көрүлүп жатат. Быйыл 60 гектарга карлик алмаларды отургузуп баштадык. Эми тиешелүү кызматтагылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошонун негизинде Ноокаттын алмасы менен картошкасын Тажикстан, Өзбекстан жана Россияга экспорттойбуз деген ойдобуз», - деди Турдуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×