Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуНоокат району 07.11.2018 19:01

Айыл турмушу: Ноокаттык дыйкан Н.Юмчиев ашкабактын 8 түрүнөн түшүм алды, арасында Америкада өскөнү да бар (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Ноокат айыл өкмөтүндө жашаган Нармахаммад Юмчиев бир нече жылдан бери ашкабак өстүрүү менен алектенип, учурда алардын түрү 8ге жетти. Аймактык кбарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ар кандай деңгээлдеги айыл чарба көргөзмөлөрүнө, жармаңкелерге жана иш-чараларга активдүү катышып турат. Быйыл өстүрүлгөн ашкабактардын арасында жергиликтүү жана Америкада өскөн түрлөрү да бар.

«Бул жылы ашкабактын гана 8 түрүн өстүрдүм. Алардын бардыгынын даамы таттуу. Эң чоңу 24 кг салмакка жетсе, эң кичинеси 3 кг чыгат», - деди ал.

Ал белгилегендей, ашкабакты өстүрүү да көп эмгекти талап кылат. Ошого жараша ага бүткүл республика боюнча суроо-талап бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×