Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Ош 06.11.2018 12:39 На русском

Ош ШИИБдин тергөө кызматынын башчысы менен окуучусу дүйнө чемпиону болушту

Turmush -  Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн гиря көтөрүү боюнча дүйнөнүн 26-чемпионатында Ош ШИИБдин тергөө кызматынын башчысы, окуучусу менен жеңишке жетишип, дүйнө чемпиону болушту. Бул мелдешке Ош ШИИБдин тергөө кызматынын башчысы Алмаз Балтабаев менен окуучусу Тариэл Бакиров жолдомо алышкан эле.

1-ноябрдан 5-ноябрга чейин өткөн таймашта Алмаз Балтабаев 90 кг чейинки салмакта ардагерлер арасында 1 орунду ээлесе, Тариэл Бакиров жогорку салмактагы жаштар арасында 1-орунду камсыздады. Аталган чемпионатка дүйнөнүн 14 мамлекетинен спортчулар катышкан.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×