Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.11.2018 13:37 На русском

Шагыл төшөлгөн жол, жаңылыктан артта калган тургундар... Алчалыдагы элдин жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын арызынын негизинде айыл өкмөт башчысы Эрмат Исмаилов кызматынан убактылуу бошотулуп, жооптуу катчысы экөөнүн иши учурда Кара-Суу райондук сотунда каралып жатат.

Бул арада Папан айыл өкмөтүнө караштуу Алчалы айылындагы көйгөйлөрдү аймактык кабарчы көрүп келди. Алчалы айылын аралап өткөн жолго 2016-жылы айылдыктардын салымы менен шагыл төшөлгөн. Бирок жолдун абалын дагы жакшыртуу керек, дейт жашоочулар.

Жергиликтүү жашоочу Мамасабыр Бакиров аларга такыр эле көңүл бурулбай калгандыгын билдирди.

«Бул жолго кызыккан адам деле жок. 2016-жылы элдин салымы менен шагыл төшөлгөн. Ошондон бери бул жолго көңүл бурулбай келет. Унаабыздын кыймылдаткычы бузулуп, ичине тетиктерди кошо сала жүрөбүз. Жолду айыл өкмөт же айыл башчысы караган жок. Учурда айыл өкмөт башчысы баш болуп соттолуп жүрөт. Алар таза, жакшы иштесе эч ким үстүнөн арыз жазбайт эле. Анан калса айылдын жанындагы сайдан сел агат. Жамгыр жааган күндөрү такыр өтө албай калабыз. Ал жерге көпүрө куруу керек эле. Элди алдап, көпүрө курууга керектелген бир-эки материалды алып келип, таштап коюшту», - деди Бакиров.

Айылдагы жолдун начар болуусу көйгөйлөрдүн бир гана чети. Тургундар дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда болуп жаткан күнүмдүк жаңылыктардан убагында кабардар болбой жаткандарына да нааразы. Алчалынын жанынан агып өткөн Ак-Буура суусунун аркы өйүзүндө санариптик сигналды чагылдыруучу телемунара коюлгандан бери такыр иштебей калган.

«Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылында жок дегенде ошол телемунараны ишке киргизип коюшса болмок. Тургундардын дээрлик бардыгында кыргызстандык, чет өлкөлүк каналдар да көрсөтпөй жатат. Биз сыналгы көрбөй, маалыматтан такыр артта калып жатабыз», - деди Таалайбек Сартматов.

Айылда Сайдулла Азимовдун үйүндө гана санариптик телеберүүлөрдү көрүүгө болот.

«Ноокаттын телемунарасы сайдын башында орнотулган. Коңшу-колоңдор санариптик телеберүүлөрдү көрө алышпайт. Коңшуларым "бизде көрсөтпөй жатат, сенде кандай көрсөтүп жатат?" деп сурай беришет. Аларга менин антеннам Ноокаттын телемунарасынын сигналына улашып калгандыгын түшүндүрөм. Биздеги телемунара иштегенде айылдагылар телеберүүлөрдү көрмөк», - деди Азимов.

Алчалы айылына орнотулган санариптик телемунара биринчи коюлганда иштеп, кийинчерээк белгисиз себептерден улам сигнал жок болуп кеткен. Жергиликтүү тургун Жаныбек Чомоков санариптик телеберүүлөрдүн көрсөтпөй калуусун мындай түшүндүрдү.

«Телемунара коюлгандан кийин бир топ убакыт санариптик телекөрсөтүүлөр көрсөтүп калган. Андан кийин эле жок болуп кетти. Башканы коюп өзүмдү эле мисал келтирейин, спутниктен алып берүүчү антеннам менен араң бир канал көрүп жатам. Калган жаңылыктарды радиодон угам. Ушул тармакты тейлей турган адамдын артынан түшүп жүрүп, себебин билдик. Анын айтымында, биздеги санариптик мунаранын сигнал берүүчү аппаратын Кичүү-Алайга берип жиберишиптир. Ошондуктан биздин айылда каналдар көрсөтпөй жатыптыр», - деди Чомоков.

Алчалы айылында бул көйгөйлөрдөн сырткары көпүрө куруу маселеси курч бойдон турат. Айыл өкмөттөн көпүрөгө керектелүүчү материалдар алынып келгени менен анын курулушу баштала элек. Бул маселелердин тегерегинде Папан айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курбанбек Мияшев буларга токтолду.

«Жолго 2016-жылы шагыл төшөлгөн, андан бери бир да иш аткарыла элек. Шагыл үчүн 100 миң сом бөлүнгөн, бирок ал кайсы айылга бөлүнгөнү белгисиз. Ал эми сайга көпүрө курууга ӨКМден 320 миң сом бөлүнүп, материалдар алынып барган. Айыл өкмөттөн да 300 миң сом бөлүнгөн, курулуш иштери эми башталат. Ал эми санариптик жабдык боюнча айтсам, быйыл жаңы мунара койдук, ага электр энергиясын уласак эле ишке кирет. Бул иш ушул жуманын ичинде аягына чыгып калат», - деди Мияшев.

Алчалы айылында жалпы 1 миң 200 адам бар.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары айыл өкмөт башчысы Эрмат Исмаилов башка райондун жарандарына, туугандарына жер берип, папандыктарга жер бербей жатканын айтып, нааразычылык билдиришкен эле. Кийинчерээк бул иштер боюнча тергөө жүрүп, анын негизинде айыл өкмөт башчы менен анын жооптуу катчысынын иши Кара-Суу райондук сотуна өткөн.

Папан айыл өкмөтүнүн калкынын саны 18 миңге жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×