Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуНоокат району 06.11.2018 13:44 На русском

Ош—Ноокат—Баткен жолундагы 33 жыл мурунку чырактар эскирди

Turmush -  Ош—Ноокат—Баткен жолунда 33 жыл мурун орнотулуп, түнкүсүн жарык берип келген чырактар жарактан чыкты. Бул жол Ноокаттагы Зулпуев айыл өкмөтүнүн чоң жолу аркылуу өтөт.

Белгилүү «Россия» колхозунун жетекчиси, ишмер Токтомамат Зулпуевдин убагында коюлган чырактар учурда жакшы кызмат көрсөтө албай калган. Бул жолдун абалы да жакшы болбогондуктан түнкүсүн айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып келет, деп кошумчалады айыл тургуну Шаимбек Алимбаев.

«Зулпуевдеги чоң жолдон Баткенге, Кызыл-Кыяга көп унаалар каттайт. Жарык жоктугу аз келгенсип, жол да өтө тар. Жүк ташуучу унаалар көп каттагандыктан, кооптуу абалды жаратышат. Жол чырактарын бир жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн», - деди Алимбаев.

Ал эми Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы Совет Мурзакулов бир аптада көчөлөр жарыктандырыларын айтты.

«Бул чырактар 1985-жылы орнотулуп, 2014-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Учурда комиссия иштеп жатат. Бир апта ичинде 600 миң сомго негизги жол жарыктандырылат», - деди С.Мурзакулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×