Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.11.2018 15:25

Кара-Суудагы чыры түгөнбөгөн айыл өкмөттөр

Turmush -  Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир нече арыздар жазылып, айрымдарынын чыры сотко чейин жеткени маалым болууда. Алардын бири Папан айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары айыл өкмөт башчы аларга жер бербей жатканын айтып, нааразычылык билдиришкен эле. Анын негизинде тергөө иштери жүрүп, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаилов жана анын жооптуу катчысынын иши сотко өткөрүлүп, учурда Кара-Суу райондук сотунда каралып жатат.

«Учурда Кара-Суу райондук сотунда жооптуу катчы менен менин үстүмдөн козголгон иш боюнча соттук отурум жүрүп жатат. Азыркы күндө күбөлөр толугу менен тергелип бүтпөгөнүнө байланыштуу сот отуруму 14-ноябрга жылдырылган. Мен 108 адамга 5 гектар жерди бөлүп берүүдө шалаакылык иш алып барган деген жүйөө менен суралып жатам. Ал эми жооптуу катчы 22 адамдын документтериндеги жазууларды оңдоп койгонуна байланыштуу суралууда», - деди Папан айыл өкмөтүнүн убактылуу иштен четтетилген башчысы Эрмат Исмаилов.

Ал эми аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Курбанбек Мияшев менен жер адисинин иши УКМК тарабынан каралып жатат. Жер маселесин улай эле Кара-Суу районуна караган Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн убактылуу иштен чететтилген башчысы Алмаз Абдукаримов менен жер адисине жер маселеси боюнча Каржы полициясы тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон.

Акимдин орун басары Мехринса Жороева буларга токтолду.

«Бизге Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу убактылуу жумуштан бошотуу боюнча гана кат келген. Азыр тергөө иштери уланып жатканы боюнча билебиз. Ал эми анын ордунда убактылуу айыл өкмөт башчы болуп мурунку жооптуу катчы Хатам Сулайманов иштеп жатат», - деди Жороева.

Бул арада Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Рахмановдун жогорку билими тууралуу диплому жасалма экени айтылган. Анын үстүнөн тергөө иштери жүрүп, иш Ош шаардык сотуна өткөн. Ал эми шаардык сот дипломун жараксыз деп таап, буга макул болбогон У.Рахманов Ош облустук сотко кайрылган. Учурда иш Ош облустук сотунда каралып жатат.

Кара-Суу районундагы айыл өкмөт башчылар аралашкан чырдуу маселелер бул гана эмес. Буга чейин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Сүрөт-Таш участкасындагы 5 көчөдөгү жолдор жашоочуларга үй куруу үчүн берилип кеткендиги айтылган. Бул маселени айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров толугу менен четке кагып, мындайча түшүндүрдү.

«Жер башкы пландын негизинде гана берилет. Ал эми айтылып жаткан жер тилкелер 2005-жылы бөлүнгөн. Анда мен айыл өкмөт башчы эмес элем. Жерди айыл өкмөт бере албайт. Биз токтом гана чыгарабыз. Жерди архитектура башкармалыгы гана бөлүштүрүп берет», - деген Капаров.

Үй куруу үчүн берилген жерлер казылып, кийинчерээк алар кайра толтурулуп жаткандыгы боюнча маалымат чыккан болчу.

Кара-Суу районунда жалпы 16 айыл өкмөт, 1 шаар бар. Расмий маалыматтар боюнча райондо жалпы 420 миң 402 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×