Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Ош 06.11.2018 15:40 На русском

Ошто ата-бабалар эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Анын алкагында Оштогу көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл чамбарлар коюлду, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер «Түбөлүк от» мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюп, ата-бабаларга куран окушту. Ошондой эле Ош шаарынын вице-мэрлери, мэриянын өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Алымбек датка, Курманжан датка, Исакбек Монуев жана Апсамат Масалиевдин эстеликтерине гүл чамбарларды коюп, эскеришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×