Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.11.2018 16:48 На русском

Түлкү-Дөбөдө теректен тургузулган электр мамычалары чирип калды (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Түлкү-Дөбө айылында электр мамычалары жарактан чыгып калган. 8 жыл мурда теректен орнотулган мамычалар чирип, айрымдары сынган абалда, деп билдирди жергиликтүү жашоочу Болотбек Бакиров.

«Электр тогу бизге 1 чакырым алыстан, 1 электр зымы аркылуу келген. Электр кубаттуулугу өтө төмөн, түнкүсүн чырактай эле жанып, балдар сабак даярдай алышпайт. Жалпы 12 үй-бүлө бар. Кар, жамгыр жааганда эле жарык берилбей калат.

Ал эми сынып калган мамычаларды байлап койгонбуз. Кулап кетсе балдарга коркунуч жаратат. Айыл өкмөткө былтыр бул маселе боюнча кайрылганбыз. Быйыл төрт гана мамыча бөлүнүп, аны да өзүбүз унаага жүктөп алып келип орноттук. Бирок айылдын аягына чейин жетпей калат», - деди Болотбек Бакиров.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жеңишбек Исаев электр мамычалары 5-6 күндө орнотула турганын айтты.

«Тургундар быйыл гана арыз менен кайрылган. Электр мамычалары 5-6 күндө орнотулат. Түлкү-Дөбө участкасы Байыш айылынын карамагында болгондуктан, жалпы 12 электр мамычалары бөлүнгөн. Анын канчасы Түлкү-Дөбөгө орнотуларын билбейм», - деди Жеңишбек Исаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×