Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.11.2018 17:07 На русском

Айыл турмушу: Кыргызга турмушка чыккан украиналык Евдокия мусулмандыкты кабыл алып, Айсарыга айланган (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Милянфан айылынын 82 жаштагы тургуну Евдокия Чубашева кыргыз жигитине турмушка чыгып, мусулмандыкты кабыл алуу менен Айсары деген атка конгон. Айсары апа жөнүндө анын улуу баласынын кызы Венера Чубашева айтып берди.

Евдокия Чубашева Украинанын Полтав облусунда төрөлгөн.

«Чоӊ атам Полтавда армияда кызмат өтөгөн. Бош убактыларында көчөгө чыгып жүргөндө апам менен таанышып калган экен. Ошондо бири-бирин жактырып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, чоӊ атам кайын атасына барып, кызынын колун сурап, андан соң Кыргызстанга алып келген экен. Экөө бир түтүн булатып, Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында жашап калышкан.

Апам анда 17 жашта болгон экен. Чоӊ атам туугандарына алып келгенде, чоӊ апам мусулмандыкты кабыл алып, Айсары деген ысымды ыйгарышкан экен», - деди ал.

Чоӊ атасы Шаршенкул Чубашев 1934-жылы төрөлгөн. Ал мындан 17 жыл мурун каза болгон.

«Чоӊ энем Евдокия Чубашева 1936-жылы 24-декабрда Полтав шаарынын Кандыбовка айылында төрөлгөн. Алардын 6 уулу, 3 кызы, 28 небереси, 19 чөбөрөсү бар. Эки келини кыргыз, Таластан, эки келини орус, эки күйөө баласы казак жана небере келиндери украин, өзбек, орус, казак улутунан. Ушундай биздин ынтымактуу, көп улуттуу үй-бүлөбүз», - деди ал.

Венера Чубашеванын достору Айсары апага арнап ыр дагы жазып беришкен. Ал төмөндөгүдөй:

Украин кызы Айсары апа,
Кыргызча сүйлөйт таптаза.
Келини болуп кыргыздын,
Кызматын кылдың наздана.

Чоң атам сүйүп мас болуп,
Сүйүптүр чексиз жаш болуп.
Өзүңдөн канча урпактар,
Өсүп бир чыкты жыш толуп.

Жериңе сүйүү карабайт,
Улутту сүйүү тандабайт.
Чыныгы сүйүү жүрөктө,
Жашарат бирок картайбайт.

Алты эркек, үч кыздын энеси,
Алыс сүзүп турмушунун кемеси.
Дөөлөттүү апа төрдүн көркү учурда,
Артында жыйырма сегиз небереси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×