Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 09.11.2018 11:01 На русском

Погончон айым: Тескөөчү А.Райимкулова атасынын каршылыгына карабай, кыялданган кесибинин ээси болду (сүрөт)

Turmush -  29 жаштагы Айпери Райимкулова 3 жылдан бери Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат талдоо борборунда ага тескөөчү болуп эмгектенип келет. Ал буга чейин жаш өспүрүмдөрдүн инспектору болуп иштеген. Жолдошу да милиция кызматкери экенин аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Айпери менен жолдошунун баш кошконуна 5 жыл болду. Ал аялдардын ички иштер органдарында иштөөсү кыйын экенин айтат. Себеби аял киши үйдүн да, жумуштун да түйшүгүн көтөрүп, эки тармакты бирдей алып кетиши керек.

«Жаш кезимден эле бул кесипке кызыгып, көркөм тасмалардан кыздардын, балдардын формаларын, алардын мушташканын көрчүмүн. Алардын эч кимден коркпогону, эрктүүлүгү жакчу. 4-класста эле ата-энеме келечекте милиция кызматкери болорумду айтканым эсимде. Башында мага ишенишкен эмес. 11-классты окуп бүтүрүп, жогорку окуу жайга тапшырар алдында атам "кызым сен милиция кызматкери боло албайсың, андан көрө медициналык академияга тапшырбайсыңбы?" деди. Бирок мен жаш кезимден кыялданган кесиптин ээси болорума ишенип, көк беттик кылып, чоң ишенич менен КРнын Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы академиясына өз күчүм менен өтүп кеттим. Ошентип 5 жыл окуп, жогорку окуу жайды да аяктадым. Окуу жайды аяктаганда бизге милициянын лейтенанты деген наам берилди. Учурда милициянын капитаны наамын алдым», - деди Айпери Райимкулова.

Жаш өспүрүмдөр менен иштеп, 3 жылдан бери ага тескөөчүлүк кызматты аркалап келе жаткан Айпери Раимкулова жумушундагы кызыктуу окуяларын айтып берди.

«Кызыктуу окуялар көп эле болгон. Жаш өспүрүмдөр менен иштеп жүргөн убакта өспүрүмдөр арасыда мушташ чыкканы тууралуу маалымат түштү. Кызматтык унаа менен барсак, балдар бизди көрүп качып жөнөдү. Биз алардын аракасынан жөө кубалап жөнөдүк. Бир убакта бутум баткакка кирип, чыгара албай калдым. Бул абалда тура берсем балдарды качырып жиберчүдөймүн. Көчөдөн эле бир кыздын бут кийимин кийип, балдарды кармап келгем. Аларды милициянын бөлүмүнө алып келип, жетекчиге киргиздим. Жетекчи мени карап, "эмнеге кызыл бут кийим кийип алгансың?" деп күлгөн эле. Ага болгон окуяны айтып берүүгө туура келди. Милициянын формасы менен кара бут кийим гана кийгенге болот.

Буга катар эле жумушта көп кыйынчылыктар болот. Биздин жумуш өтө жоопкерчиликтүү, кечигип келүүгө болбойт. Дайыма бут кийим жана көйнөктүн жакасы таза, тыкан болушу керек. Эл милиционерлер иштебейт деп ойлошу мүмкүн. Бирок биздин жумуш өтө оор жана жоопкерчиликтүү. Анткени эртең менен келип, түн бир оокумда кетесиң. Үй-бүлөлүү адамдарга бул нерсе албетте оор. Бул жактагы кызматкерлердин көпчүлүгү үй-бүлөлүү», - деди Раимкулова.

Погончон айым: «Жолдошум менен ушул тармактан табышкам. Баш кошконубузга быйыл 5 жыл болот. Учурда 1 уул, 1 кызыбыз бар. Жолдошум экөөбүз бир тармакта иштегендиктен бири-бирибизди түшүнөбүз. Учурда жолдошум Ош шаардык ички иштер башкармалыгында кайгуул күзөт кызматында иштейт. Ал кээде мен жумуштан чарчап келгенде мени аяп, үй жумуштарын өзү жасап коет», - деди.

Айпери 12 жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келет. ИИМдин академиясын аяктаганда 5 жыл стаж катары эсептелип, 5 жыл өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×