Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.11.2018 10:31

Өзгөндө 1 миңден ашык адам жер көчкү коркунучу бар аймакта жашайт

Turmush -  Өзгөн районунда 1005 адам жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймакта жашайт. Учурда жер алуу үчүн жашоочулардын документтери толугу менен тапшырылды. Бул тууралуу аталган райондун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1-баскыч менен 1039 адамга жер берилген.

«ӨКМдин корутундусунун негизинде 1039 адам 1-баскычта жер алышкан. Анын ичинен 17 гектар жер тарыхый мурас жер болуп калып, учурда башка аймактан жерди трансформациялоо иштери жүрүп жатат. Ал эми 2-баскычта кезекте турган 1005 адам бар. Аларга Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүнө чектеш Кочкор-Ата тилкесинен 108 гектар жер берилет. Учурда жерди трансформациялоо жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×